SUPER.KG порталынын эмгек жамааты ардактуу айымдарды Энелер күнү менен куттуктайт

Кымбаттуу энелер! SUPER.KG порталынын эмгек жамааты сиздерди бүгүнкү Энелер күнү менен куттуктайт! Дүйнөдө теңдеши жок асылзаада сиздерге кандай куттук айтса да жарашат. 
Ак сүтүн берип айланып,
Алдейлеп багып өстүргөн.
Апалар кымбат бала үчүн,
Айжаркын күнгө жеткирген.

Эне,
Сен барда өнөт тирилик,
Сен барда бармын мен, эне.
Эненин пейил, дилинен,
Дем алып жашайт Жер эне.
Ып саптарында айтылгандай, апалар, баа жеткис кымбатсыңар. Үйдүн куту, турмуш туткасы, дүйнөнүн түркүгү силерсиңер. Энелердин мээримине аалам жылынып, дүйнө тең салмакта кармалып турат. Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, бакыт-таалай каалайбыз. 
Бар болуңуздар, ардактуу ЭНЕЛЕР!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
suiuktuujar
2015-05-17 15:04:05
Жалпы энелер майрамыныздар кут болсун сиздер бар биз барбыз.
+2
Birinchi
2015-05-17 16:03:31
Энелерибиз аман болсун.
+1
dastan_nookat
2015-05-17 18:45:44
Бул ааламда энелер ар дайым бар болсун мен дагы кутуктайм!!
+1
bliznesy
2015-05-17 19:44:23
Энекелер аман бар болунуздар.
-1
kirgizstan
2015-05-17 20:16:47
Оо Энелер каалайм ден соолук,узак омур,
Небере балдарындан коргун узур.
Бар болгула бактыбызга ар дайым,
Ак жоолукчан Энелер дагы апалар

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан