Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн кечинде кармалып, камакка алынган депутат Карганбек Самаков менен УКМКдан жолугушту. Жолугушуудан кийин Турсунбеков УКМКнын имаратынын алдына топтолгондорго буларды айтты: "Аны менен сүйлөштүм, Башкы прокуратурада сурак бергенден кийин кармашып, УКМКнын СИЗОсуна алып келишиптир. Мыйзам боюнча, 48 саатка чейин камакта болот, андан кийин сот депутаттын баш коргоо чарасын аныктайт. Аны үй камагына чыгарат деп үмүт кылам".
Самаков бүгүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Депутат Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталууда.
Эскерте кетсек, жер тилкелерине байланыштуу Карганбек Самаковдун мыйзамсыз иштерди кылганын айтышып, буга чейин Чүйдүн айрым тургундары бир нече жолу митингге чыгышкан.