Президент 2010-жылдагы Ош окуяларын эскерип, энелерге балдарды кандай өстүрүш керектигин айтып берди

Бүгүн, 16-майда президент Алмазбек Атамбаев көп балалуу энелерди салтанаттуу сыйлоо аземинде балдарды кандай өстүрүү керектигине токтолду.

"Мен жакында Европага барып келгем. Швейцария көп улуттуу болгонуна карабастан, бардык жарандар "биз бул өлкөнүн жарандарыбыз" дешет. Бельгиянын жарандары да ушинтип айтышат. Кыргыз жеринде балдарды "баары тең бир тууган" деп өстүрүш керек. Мени ушундай өстүрүшкөн. Мен үчүн баары бирдей: улуту кандай, тили кандай. Баланы кичинекейинен баштап "сен Кыргыз Республикасынын жаранысың" деп үйрөтүү керек. Эгер ар бир эне өзүнүн баласына "баары бирдей төрөлөт, баары бир тууган" деп өстүрсө, 2010-жылдагы Ошто орун алган жаман окуялар эч качан болбойт эле",- деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан