Кечээ, 15-майда коррупцияга шектелип, СИЗОго камакка алынган
Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун тарапташтары бүгүн, 16-майда Башкы прокуратуранын имаратынын алдына митингге чыгышты. Милиция кызматкерлери окуянын жүрүшүнө көз салышууда. Митингге чыккандардын арасында "Кыргыз чоролору", "Жетиген", "Теңир-Тоо" кыймылдары бар.
Кошумчалай кетсек, Самаков Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталууда.