Бүгүн, 17-майда "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин балдары Бишкектеги кафелердин биринде бир жыныстагы адамдардын үйлөнүп жатканын угуп, жетип барышкан. Алар барганда шаан-шөкөт өткөрүп жаткан кумсалар эшикти бир топ каршылык көрсөтүү менен ачышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бирикменин төрагасы Замирбек Көчөрбаев билдирди.
"Биздин балдар окуянын үстүнөн чыгышыптыр. Алар бул көрүнүш бизге жат экенин түшүндүрүүгө аракет кылып жатканда уруш чыгып кетиптир. Анда жабыркагандар болгон эмес. Учурда бул бирикменин балдары 1-Май райондук милиция бөлүмүндө арыз жазып жатышат",- деди З.Көчөрбаев.