Жогорку Кеңештин депутаты
Карганбек Самаковду сот үй камагына чыгарды. Мындай чечимди бүгүн, 17-майда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.
Эскерте кетсек, депутат Самаков 16-майда Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына
айыпталып кармалган.