Депутаттар өлкөдө полиэтилен баштыктарын колдонууга тыюу салууну сунушташууда

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 18-майдагы жыйынында өлкөдө полиэтилен баштыктарын жана синтетикалык балык уулоочу торлорду импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору талкууланды.

Демилгечи депутат Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, полиэтилен (целлофан) баштыктары шаарларды жана айылдарды булгоодо. "Алардын түбөлүккө чирибей жер кыртышын кирдетүүсү, жаратылышка көрсөткөн терс таасири дүйнөлүк көйгөйлөрдүн бири болуп келүүдө. Жыл сайын ондогон миллиард баштык пайдаланылат. Мындай баштыктардын арзандыгынан, салмагы жана көлөмү аздыгынан кайра иштетүү чөйрөсүндө дагы талап кылынбагандыгы көйгөйдү курчутуп жатат. Бангладеш, Индия жана Кытай сыяктуу көп өлкөлөрдө пакеттердин чыгарылышы кескин түрдө кыскартылган. Ирландияда болсо полиэтилен пакеттерге салык киргизилген, натыйжада аларды пайдалануу бир нече эсе азайган",- деп түшүндүрдү демилгечи.

"Полиэтилен баштыктарынын ордуна экологияга терс таасир тийгизбеген кагаз же көп ирет пайдалануучу баштык жана эл арасында "авоська" деп аталуучу тор баштыктарды колдонуу туура",- деп кошумчалады Иманкожоева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан