Кыргыз мамлекетинин жетекчилиги ишкер Таабалды Эгембердиевди эскерүүдө. Өлкө жетекчилеринин 18-майда жарыяланган некрологунда булар айтылат:
Таабалды Эгембердиев эски систем ыдырай баштаган 1990-жылдардын башында, көпчүлүк эмне кыларын билбей алдастап турган чакта кол куушуруп отуруп калбастан же болбосо өзүнүн ондогон шакирттери менен бирге саясатка жана бийликке умтулбастан, күнү-түнү изденип, жеке ишкердикке алгачкылардан жол чапкан. 1992-жылы кыргыздын улуттук суусундуктарын чыгарган “Шоро” компаниясын негиздеген, бул улуттук бизнесте алгачкы саамалык болгон эле. Күндө өзүбүз үйдө ичкен жарма, максым, кымыз, айран сыяктуу суусундуктарды өнөр жайлык негизге салуу аркылуу изденген адам жайдак жерден да иш жасап, киреше таба алары мүмкүн экенин далилдеген.
Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүгө шымаланып киришип, өлкөбүздө эле эмес, аймакта сейрек кездешүүчү этнокомплекстерин түптөп, ийгилигин арттырган. Бул жайлар азыр чет жердик саякатчылар байма-бай каттаган кыргыз өлкөсүндөгү туристтик бизнес жүргүзүүнүн үлгүсү болуп калды.
Таабалды Эгембердиев кыргыз жеринде адабият, маданият, спорт тармактарына үзгүлтүксүз демөөрчүлүк көрсөткөн. Кыргызстандын Ордо федерациясын жетектеген. Анын бетке айткан чынчылдыгы, ишине тактыгы жана адамгерчилиги, баштаган ишинин өтөсүнө чыкмайын жаны тынбаган өжөрдүгү – мына ушул касиеттердин баары азыркы замандын кыргыз атуулу кандай болуш керек деген талапка төп келет.
Т.Эгембердиев өңү менен, баскан-турганы менен, башкаларга жасаган мамилеси менен, ойлогон ою менен нукура кыргыз эле. Сөзү эмес, иши менен мекенинин экономикасына, беделине, мамлекеттүүлүгү менен эгемендигинин чыңдалышына салымын кошкон ар кырдуу инсан катары баарыбызга өрнөк.
Кыргыз элинин татыктуу уулдарынын бири Таабалды Эгембердиевдин жаркын элеси түбөлүк эсибизде сакталат.
Атамбаев А.Ш., Жээнбеков А.Ш., Сариев Т.А., Отунбаева Р.И., Нарымбаев Д.И., Турсунбеков Ч.А., Текебаев Ө.Ч., Кулов Ф.Ш., Жолдошова Ж.А., Сабиров М.Э., Сарпашев Т.Д., Ниязалиева Д.А., Марипов У.А., Ниязов Ф.А., Абдыкеримов Ш.Ш., Молдобаев Н.М., Шер Б.Э., Кайыпов А.К., Исагулов А., Салымбеков А.М., Тойчубаев Т., Акматов К.А., Дүйшеев Ш., Капаров Н.К., Тургуналиев Т.Т.
Эскерте кетсек, ишкер узакка созулган оорудан улам 16-майда көз жумган. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-майда өтүп, сөөгү Беш-Күнгөй айылындагы мүрзөгө коюлат.