Экономика министри: "Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинен" 2 миңге жакын кыргыз жараны чыгарылды"

Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинен" 2 миңге жакын кыргыз жараны чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда парламенттин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Жыйында депутаттар кыргыз жарандарын аталган тизмеден чыгарууну суранганда, министр мигранттар жергиликтүү мыйзамдарды бузганы үчүн “кара тизмеге” киргизилип жатканын билдирип, жооп катары буларды билдирди: "Көпчүлүк учурда миграциялык тартипти бузуу фактылары катталат. Тиешелүү соттук чечимдердин жоктугунан кыргыз мамлекетинин жарандардын баарын аталган тизмеден чыгарууга мүмкүн эмес. Бирок орус тарап мекендештерибизди категориялар боюнча "кара тизмеден" чыгарып жатат",- деди министр.

Айта кетсек, өткөн аптада эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов "кара тизмеден" студенттер, жакын туугандары Орусиянын жарандары болгон адамдар жана келишимдин негизинде эмгектенген жогорку квалификациялуу адамдар чыгарыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан