Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Аалы Карашев кызматтан бошотулду

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашев кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 18-майда президенттик аппараттан билдиришти. А.Карашев өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазганы айтылды. 
А.Карашев 1968-жылдын 30-октябрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ак-Жар айылында төрөлгөн. Кыргыз, орус, англис тилдерин билет. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Адистиги - зооинженер, айыл чарба илимдеринин кандидаты. Мамлекеттик кадр кызматынын директору катары 2012-жылдын 10-сентябрынан бери иштеп келген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан