Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинде Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Коргонбаевдин Кыргыз-Кыштак айыл аймагынан өткөн, азыркы учурда пайдаланылбай жаткан 25 чакырым газ түтүгүн сугат суу үчүн колдонууга өткөрүү боюнча кайрылуусу каралды.
Бул маселе боюнча комитет жыйынында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мурат Жураев баяндама жасады. Анын айтымында, 25 чакырым газ түтүгү сугат суу үчүн колдонууга өткөрүлсө, 3000 гектар жер суу ичип, пайдаланылат. Узундугу 25 чакырымды түзгөн газ өткөрүүчү түтүктөрдү металлолом катары сатууга каршы болгон жергиликтүү тургундар аны казууга каршы чыгып, токтотуп келатышат.
Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлү бул газ түтүктөрү "Кыргыз газдын" балансына өткөрүлгөнүн, аны карыздарды жоюу максатында металлолом катары сатуу боюнча чечим кабыл алынганын маалымдады. Буга М.Жураев макул эмес. Анын маалыматы боюнча, бул газ түтүктөрү “Кыргыз газдын” балансына алынган эмес.
Талкууда комитет мүчөлөрү жаңы суу баскан жерлерди өздөштүрүү иш пландарына ылайык, жергиликтүү элдин кайрылуусун колдоого алуу зарыл деп чечишти. Депутат Эсенгул Исаков "мамлекет ирригациялык систем түзүп бере албай жатканда, ошол түтүктөрдү пайдаланып суу чыгарып алалы деп жатса, бут тосулуп жатат" деген пикирин айтты.
Жыйынтыгында 25 чакырым газ түтүгүн сугат суу үчүн колдонууга өткөрүү боюнча кайрылууну колдоо менен тиешелүү чечим кабыл алып, өкмөткө тапшырма берилмей болду.