Депутат Карганбек Самаковго үй камагы учурунда жана тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин төмөнкүлөрдү жасоого тыюу салынат:
- Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагынан тышка чыгууга;
- белгисиз адамдар менен эркин сүйлөшүүгө;
- почта, интернет жана телефон аркылуу корреспонденция жөнөтүүгө;
- митинг жана маалымат жыйындарын өткөрүүгө;
- жашаган жеринен саат 20:00дөн 08:00гө чейин чыгууга.
Айта кетсек, Самаковго Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин 2007-2008-жылдары мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталып кармалып, 15-майда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 17-майда бул ишти Октябрь райондук соту карап, аны 2 айга үй камагына чыгарды.