Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 18-майда жыл сайын өтүүчү "Музейдеги түн" акциясына катышты. Өкмөт мүчөсү жылда ушул күнү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө музейлер каалоочулар үчүн эшигин бекер ачарын белгилеп, буларды кошумчалады:
"Кыргыз мамлекети мындай масштабдуу иш-чараны төртүнчү жолу өткөрүп жатат. Акцияга катышууну каалагандардын саны жыл сайын өсүүдө. Музей - адамдардын дүйнөсү, тарыхтын терезеси жана бизди курчап турган чөйрө. Биздин элдин тарыхый-маданий мурасын дал ушул музей сактап турат. Өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка, мекенчилдикке тарбиялоодо чоң иштерди жасоодо".
Ниязалиева Мамлекеттик тарых музейинин маанилүү ордун белгилеп, быйыл мекеме "Музей, мен сени сүйөм!" аттуу атайын программа сунуштай турганын айтты.