Өкмөттө 18-майда "Өлкөнүн экономикасынын энергетикалык секторунун абалы, аны мындан ары өнүктүрүүнүн чаралары жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Коргоо кеңешинин чечимин аткаруунун жүрүшү талкууланган жыйын өттү. Жыйында өлкөнүн энергетикалык саясатынын келечеги, тармакты өнүктүрүү багыттары, коррупцияга каршы күрөшүү чаралары талкууланганын өкмөттөн билдиришти.
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев кеңештин чечимин аткаруу боюнча иш пландын долбоору менен тааныштырды. Вице-премьер-министр Валерий Диль энергетикалык тармакты реформалоого өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгиледи. "Энергетикалык секторду башкарууну оптимизациялоо зарыл. Компанияларды бирдиктүү корпоративдик башкаруу принциптерин жайылтуу милдети турат",- деп билдирди Диль.