Бишкекте мектеп окуучуларынын арасында жол кыймылынын жаш инспекторлорунун республикалык кароо-сынагы өтүүдө

Бүгүн, 19-майда Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунда мектеп окуучуларынын арасында жол кыймылынын жаш инспекторлорунун республикалык кароо-сынагы өтүүдө. Ага өлкөнүн бардык облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген 9 команда катышууда. Аталган сынак жыл сайын өткөрүлүп, окуучулар арасында жол эрежелерин билүүгө жана сактоого багытталган. Ар бир команда 15 жашка чейинки 8 мектеп окуучусунан куралган. Алар буга чейин райондук жана облустук кароо-сынактын жеңүүчүлөрү болушкан. Ал эми бүгүнкү республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө 1, 2, 3-орунга плазмалык сыналгылар берилет, калган орундарга кичирээк, бирок эсте каларлык белектер каралган. 

Айта кетсек, иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги, ИИМге караштуу Жол-кайгуул кызматынын демилгеси менен ишке ашырылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaka92
2015-05-19 15:39:21
Мен дагы ушул конкурска катышчу элем. Баарына ийгилик каалайм. БГИ1ге озгочо ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан