Экстремисттик багыттагы сайттарды жабуу демилгеленди

Экстремисттик багыттагы сайттарды соттун чечимисиз жабуу сунушталууда. Мындай сунуш бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин демилгеси менен "Өлкөдөгү диний абал: көйгөйлүү маселелер жана аны чечүүнүн жолдору" деген маселе боюнча жыйында көтөрүлдү. Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып бул багыттагы сайттарды соттун чечими жок жабуу болбой турганын айтты. Анын билдиришинче, аракеттеги мыйзамда экстремисттик сайттар соттук териштирүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин жабылат. 
"Бирок Башкы прокуратуранын демилгеси менен өкмөттүн алдында тиешелүү органдардын өкүлдөрү кирген топ түзүлгөн. Топ нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгат. Ага ылайык, экстремисттик өңүттө материал жарыялаган сайттар жабылат",- деди Токтогулов.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан