Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы менен бүгүн, 19-майда Коопсуздук жана укук тартиби боюнча кеңештин жыйыны өттү. Өкмөт жетекчиси укук коргоо органдары мамлекеттин жаза берүүчү инструменти эмес, жарандардын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүнө социалдык кызмат көрсөтүүчү механизм экенин белгилеп, бул механизм эффективдүү иштеши керектигин айтты. "Өкмөттүн негизги максаттарынын бири - мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү",- деп билдирди Сариев.
Премьер-министр укук коргоо органдарындагы реформаны аягына чыгаруу зарылдыгына токтолду. "Элге коюлган тапшырманы компетенттүү чечүүгө жөндөмдүү, кадыр-барктуу, коомчулуктун ишенимине кирген укук коргоо органдары керек. Эл укук тартибин камсыз кылуу боюнча укук коргоо органдарынан чечкиндүү кадамдарды күтүүдө",- деди Сариев.