Өкмөттө 20-майда “2015-2017-жылдардагы шайлоо процессинде шайлоочуларды индентификациялоо өнөктүгүн автоматташтыруу” долбоорунун Грант келишимине жана Алмашуу ноталарына кол коюу
аземи өтөт. Бул тууралуу 19-майда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Долбоордун алкагында Мамлекеттик каттоо
кызматы жана Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды каттоо жана
идентификациялоочу заманбап технологиялар менен камсыз кылынат. Долбоордун бюджети -
740 миллион япон йенасы (6,16 миллион доллар).
Иш-чарага президенттик аппараттын башчысы
Данияр Нарымбаев, биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы
Туйгунаалы
Абдраимов, Япониянын кыргыз жериндеги элчиси
Такаюки Коикэ, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы
Алина Шаикова жана башкалар катышары айтылды.
"Долбоордун алкагында 3000
лэптоп, 3000 манжа басмаларынын сканерлери, сервер жана тармак жабдуулары, 4000
термопринтер, 3000 үзгүлтүксүз электр булактары (UPS) жана 2500 дубалга орнотулуучу монитор алынат. Андан
тышкары бул жабдууну колдонуу боюнча окуу материалдары даярдалып, тренингдер
өткөрүлөт",- деп билдирет өкмөт.