Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 19-майдагы жыйынында депутат
Феликс Кулов "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү демилгеледи.
Ал сунуштагандай, 7 пайыздык босоголук чекти 9 пайызга чейин көтөрүү, ал эми регионалдык босогону 0,7 пайыздан 0,5 пайызга чейин төмөндөтүү керек. "Учурдагы шайлоо боюнча мыйзамда кемчиликтер бар. Биз аларды жоюу максатында ушул мыйзам долбоорун демилгелеп жатабыз. Босоголук чекти көтөрүү менен туруктуулукту көздөп жатабыз. Анткени 7 пайыздык босого менен парламентке 6-7 партия өтүшү мүмкүн",- деди депутат.
Эскерте кетсек, буга чейин Феликс Кулов парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүүнү демилгелеп, парламент колдогон эмес эле.