Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча эл аралык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамдын долбоорун 19-майдагы жыйынында карап чыкты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жыйында депутаттардын суроолоруна экономика министри
Олег Панкратов жооп берди. Комитет төрагасы
Каныбек Иманалиев: "Өлкө экономикасын өнүктүрүүгө шарт түзүү үчүн гана эмес, Орусиядагы эмгектенген кыргыз мамлекетинин жарандарынын да көйгөйлөрүн чечүү үчүн колдош керек",- деди.
Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун 3 окуудан колдоп, Жогорку Кеңештин 20-майдагы жалпы жыйынында кароо чечимин кабыл алышты.