Айнуру Алтыбаева парламентте аял депутаттардын саны азайып кеткенине нааразы

Депутат Айнуру Алтыбаева парламентте аял депутаттардын саны азайып кеткенине нааразы экенин билдирди. Алтыбаева мындай пикирин Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 19-майдагы жыйынында айтты. Анын билдиришинче, аял депутаттардын конституциялык укуктары бузулуп жатат. 

"2013-жылы Жогорку Кеңештин курамында 29 аял депутат болуп, көрсөткүч 24 пайызды түзчү. 2015-жылы аялдардын саны 20 пайызга түшүп кетти. Парламентте бир жыныстагы өкүлдөрдүн көлөмү 70 пайыздан ашпашы керек. Бул принцип сакталбай жатат",- деди Алтыбаева.

Айта кетсек, комитеттин жыйынында партиянын тизмесинде бир жыныстагы адамдардын саны үч позициядан ашпоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан