Балдардын милдеттерин мыйзамда так аныктоо сунушу тармактык комитетте 1-окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 19-майда "КРнын Балдар жөнүндө” кодексине өзгөртүү киргизүү сунушун 1-окууда жактырып, парламенттин кароосуна жөнөттү. Демилгечи депутат Нуркамил Мадалиевдин айтымында, аталган кодексте укук менен милдеттердин эриш-аркак принциби так сакталбай калган. Кодекске "балдардын милдеттери" деген түшүнүктөр кошумчаланууда. Ага ылайык, балдарды нравалык жактан тарбиялоодо эмгектин башкы орунда турары белгиленет. "Кошумчаланып жаткан толуктоолор балдардын адамдарга жана айлана-чөйрөгө сый мамиле жасоосуна, өз эмгеги менен ата-энесине үй-тиричилигине жардамдашуусуна, жалпы эле инсан катары калыптануусуна оң таасирин тийгизе турган милдеттерди тагат",- дейт Мадалиев.

Депутат Мирлан Бакиров мыйзамдын маңызына кайрылып, балдардын жаш курагы кандай негизде караларын сурады. Депутат сунушталып жаткан толуктоолорду жобо менен гана иретке салса туура болмоктугун белгиледи. “Идеологиялык иштерди алып барууда мамлекеттик катчы деген жогорку кызмат орундары негизделип, кезегинде бир топ иштер жүргөндөй болгон. Эми өкмөт бул багытта да өз пикирин билдирер”,- дейт Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан