Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 19-майдагы отурумунда парламентте жаш депутаттардын санын көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.
Демилгечи депутат Данияр Тербишалиевдин айтымында, долбоорго ылайык, шайлоого катыша турган партиянын тизмесиндеги өкүлдөрдүн 30 пайызы 35 жашка жете элек адамдардан турушу керек. "Өлкөдө жаштар калктын 32 пайызын түзүшөт. Мында жаш депутаттардын санын көбөйтүүнү эске алуу зарыл. Мында мурдагы чакырылыштарда жаштардын көйгөйлөрүнө аз көңүл бурулгандыгы гана эмес, маселелердин кандай чечилгендиги маанилүү",- деди депутат.