Кыргыз мамлекетиндеги диний кырдаал бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында талкууланды. Депутат Каныбек Осмоналиев республикада 2696 диний уюм катталганын, мунун 2316сы ислам багытындагы диний уюмдар экенин билдирди. Өлкөдө 2135 мечит, 84 ар кыл багыттагы диний мекемелер, 87 медресе жана 10 ислам жогорку окуу жайы бар экенин айтты.
Осмоналиев диний чөйрөдөгү көйгөй катары “Хизбут-Тахрир” уюмунун ЖОЖ студенттерин өзүнө тартып жатканын атады. Талкууда Ички иштер министрлиги, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү да салттуу ислам, христиан дин өкүлдөрү менен биргеликте мектептерде, ЖОЖдордо лекциялар окулуп, теологиялык факультеттер ачылып жаткандыгын маалымдашты. Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов былтыр диний чөйрөдө жалпысынан 76 кылмыш иши козголуп, анын 27си сотко өткөрүлгөндүгүн билдирди.
Жыйынтыгында өкмөткө, күч түзүмдөрүнө, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга, тармактык министрликтерге тиешелүү тапшырмаларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.