Бишкекте М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатына жардам берүү максатында концерт уюштурулат

Бишкекте М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатына жардам берүү максатында концерт уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Белгилүү болгондой, иш-чара эртең, 20-майда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт. Концерт аталган окуу жайдын 50 жылдыгына арналып, анын жүрүшүндө интернатка каражат чогултуу боюнча марафон уюштурулат. Салтанаттуу концертке М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатты бүтүрүп кеткен окуучулар чет өлкөдөн келип, окуу жайды мааракеси менен куттукташмакчы.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meli12
2015-05-20 12:51:05
иий менин мектебим го, балалыгым ушул мектепте отту.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан