Асылбек Жээнбеков Азербайжан парламентинин төрагасы Октай Асадовго Баку шаарындагы кайгылуу окуяга байланыштуу көңүл айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Азербайжан парламентинин төрагасы Октай Асадовго Баку шаарынын Бинагадин районундагы адамдардын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу 20-майда Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

"2015-жылдын 19-майында Баку шаарынын Бинагадин районундагы турак жай имаратынын өрттөнүшүнөн улам адамдардын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуя тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан каза болгон адамдардын жакындарына көңүл айтуу менен аза-кайгыларын бөлүшөм, ал эми жабыр тарткан адамдардын тез сакайып кетишин тилейм",- деп айтылат жөнөтүлгөн телеграммада.

Айта кетсек, 19-май күнү эртең менен өлкөнүн Баку шаарындагы 16 кабаттуу үй толугу менен күйүп кеткен. Андан 60тан ашык адам жаракат алса, 16 адам каза болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан