Кеңешменин жүрүшүндө министр Абдылдаевдин өлкөнүн чет жердеги дипломатиялык мекемелериндеги биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча маалыматы угулду. Анын айтымында, учурда 27 мекемеде биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу жүргүзүлүүдө. "Кытай, Пакистан, Кувейт жана Иран мамлекеттеринде биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши жыйынтыкталды. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча кошумча жабдууларды Орусияга жөнөтүүдөбүз", - деди Абдылдаев.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алина Шаикованын айтымында, биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын жалпы саны 2 миллион 517 миң адамдан ашканын айтты.