Мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаев "КРнын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда президенттик аппараттан билдиришти. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 2-апрелинде кабыл алынган. Мыйзамдын башкы максаты - мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара тармагындагы органдардын милдеттерин так бөлүштүрүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.