20-майда Жогорку Кеңеште “Дүйшөмбү шаарында 2014-жылдын 12-сентябрында кол коюлган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы "Эл аралык автомобилдик жүк ташуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин берген маалыматына караганда, келишимге ылайык, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин жүк ташуучу унаа каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына 100 чакырымдан ашпаган аралыкта жайгашкан логистикалык борборлорго чейин гана кире алышат. Жүк салмагы 48 тоннадан ашпоого тийиш. Андан ары жүктү ата мекендик жүк ташуучулар гана өлкө ичине алып кире алышат.