Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф иш сапары менен Бишкекке келет

Кыргыз мамлекетине 21-майда Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф баштаган расмий делегация келет. Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 20-майда билдиргендей, Н.Шариф кыргыз мамлекетинин жетекчилиги: президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Темир Сариев жана спикер Асылбек Жээнбеков менен жолугушууларды өткөрөт. 
"Жолугушууларда мамлекеттер ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтык, аймактык коопсуздукту бекемдөө маселелери талкууланмакчы. Иш сапардын жыйынтыгында мыйзамсыз баңгизатты жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча министрлик жана мекемелер ортосундагы кызматташтык жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюлары күтүлүүдө",- деп билдирет министрлик.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан