Шайлоого керектүү делинген жаңы жабдыктар 1-августка чейин сатылып алынат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 20-майда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, үч тараптуу меморандумга ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасы долбоордун алкагында 3 миң лэптоп, 3 миң манжа басмаларынын сканерлерин, сервер жана тармак жабдууларын, 4 миң термопринтер, 3 миң үзгүлтүксүз электр булактарын жана 2,5 миң дубалга орнотуучу мониторлорду сатып алат.
“Бул жабдуу быйыл күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо жаңыдан киргизилүүчү шайлоочуну идентификациялоо боюнча автоматташтырылган системдин бөлүгү. Ал систем Мамлекеттик каттоо кызматы чогулткан биометрикалык маалыматты колдонуп, шайлоо участкасына келген жаранды идентификациялайт да, анын аты-жөнүн жана сүрөтүн байкоочулар үчүн дубал мониторлоруна чыгарып берет.
Аталган техникалардын шайлоо аралык мезгилде сактыгын жана эффективдүү иштешин өкмөт тиешелүү органдардын жардамы менен көзөмөлдөйт”,- деди Сарпашев.