БУУнун мекемелеринде иштеген кыргыз жарандары салык төлөөгө жана аскерде кызмат өтөөгө милдеттендирилип жатат

Кыргыз мамлекети БУУнун мекемелеринде иштеген жарандарын салыктын бардык түрүн төлөөгө жана аскердик кызмат өтөөгө милдеттендиргени жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 20-майда парламентте билдирди. "Конституцияда бардык жарандар салык төлөөгө жана аскердик кызматын өтөөгө милдеттүү экени жазылган. Биз бул нормаларды сакташыбыз керек",- деди министр. 
Маалыматка таянсак, аталган эки шарт “БУУнун 1947-жылдын 21-ноябрындагы Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоорунда каралууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан