Энелер күнүнө карата Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги "Жаштар" коому менен биргеликте Сузак районунун Октябрь айылындагы карылар үйүндө күн кечирип жаткан 44 энеге кийим-кече жана түштөнүүдөн кийинки таттууларды белек кылды. Иш-чара учурунда энелерге ОИИБинин медицина кызматы тарабынан акысыз медициналык кароо да жүргүзүлүп, андан соң концерттик программа тартууланды.
Аталган жайдын жашоочулары иш-чаранын уюштуруучуларын жагымдуу маанайда, мээрим менен тосуп алышты. Алар ыраазычылык катары ырларын сунушуп, коомчулукта милиция кызматкерлеринин кадыр-баркы өсө беришин баса белгилеп, бата берип узатышты.