Жогорку Кеңеш ЕАЭБге кошулуу жөнүндөгү келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун добуш берүүгө жөнөттү

Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндөгү келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору 3 окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Премьер-министр Темир Сариев парламент ратификациялоону канчалык тез өткөзүп берсе, аталган биримдикке ошончолук тез арада толук мүчө болорун билдирди. 
Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусуна байланыштуу ратификациялык мыйзамдардын долбоорлору төмөнкүлөр:

- “2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуумыйзамдын долбоору;

- “2000-жылдын 10-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы өз ара соодада кыйыр салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуумыйзамдын долбоору;

- “1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “1997-жылдын 11-июнунда Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды экспорттоодо жана импорттоодо акциз салыгын алуу принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору.

Айта кетсек, бул эл аралык келишим ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин (Орусия, Беларусь, Казакстан, Армения, Кыргыз Республикасы) баарынын парламенттери тарабынан ратификациялангандан кийин толук күчүнө кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан