2015-жылдын январь-апрель айларында республикалык бюджеттин чыгашасы (атайын каражаттарды кошпогондо жана мамлекеттик карызды эсепке алганда) 33 миллиард 702 миллион 300 миң сомду түздү же план 84,8 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда жалпы чыгашалар 4 миллиард 167 миллион 700 миң сомго көбөйгөн.
"Чыгашалардын корголгон беренелери боюнча 2015-жылдын январь-апрель айларында республикалык бюджеттен 24 миллиард 110 миллион 200 миң сом каржыланды же пландын 83,7 пайызы аткарылды. 2014-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырганда каржылоо 5,7 пайызга же 1 миллиард 301 миллион сомго көбөйдү. Чыгашалардын корголбогон беренелери боюнча 2015-жылдын январь-апрель айларында республикалык бюджеттен 3 миллиард 672 миллион 400 миң сомго каржыланды же пландын 92 пайызы аткарылды. 2014-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырганда каржылоо 1 миллиард 723 миллион 500 миң сомго көбөйдү",- деп билдирет министрлик.