Депутат Каныбек Иманалиев кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдиккекиргенден кийин өлкө бюджети 2 эсе өсөрүн айтты
"Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин өлкө бюджети 2 эсе өсөт",- деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин 20-майдагы отурумунда. Анын пикиринде, кыргыз мамлекети аталган биримдикке кошулуудан утулбайт. "Биз тарыхый чечим кабыл алып жатабыз, мында бир нече жеңишибиз бар. Алар: Орусия жана Казакстанда эмгектенип жүргөн кыргыз мамлекетинин жарандары жергиликтүү эл менен бирдей укукка ээ болуп, бир топ жеңилдиктерди алышат. Ошондой эле башка мамлекеттер менен пикирлеш болуп, кызматташуу жакшырат. Андан сырткары базар экономикасынан өндүрүш экономикасына өтөбүз",- деди Иманалиев.