2015-жылдын январь-апрель айларында республикалык бюджетке ресурстардын түшүүсү 31 миллиард 444 миллион 500 миң сомду түздү же план 116 пайызга аткарылды. 2014-жылкыга салыштырмалуу ресурстардын түшүүсү 8,9 пайызга жогорулады, акчалай түрүндө 2 миллиард 578 миллион 400 миң сомду түзөт. Түшкөн ресурстардын курамынын басымдуу бөлүгүн төмөнкү тармактагылар ээлейт:
Мамлекеттик салык кызматы тарабынан түшүүлөр – 31,8 пайыз;
Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан түшүүлөр – 35,3 пайыз;
Мамлекеттик казыналык векселдерден түшкөн кирешелер – 7,1 пайыз;
Бюджеттик ссудаларды кайтаруудан түшүүлөр – 3,8 пайыз.
"2015-жылдын январь-апрель айларында республикалык бюджетке түшкөн кирешелер (атайын каражаттарды кошпогондо) 28 миллиард 665 миллион 100 сомду же пландын 114,2 пайызын түздү. Салыктык түшүүлөрдүн жалпы көлөмү 21 миллиард 115 миллион 200 миң сомду түздү, Мамлекеттик салык кызматы боюнча түшүү 10 миллиард 1,5 миллион сом болду. Мамлекеттик бажы кызматы боюнча түшүү 11 миллиард 113 миллион 700 миң сомду түздү",- деп билдирет министрлик.