Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасындагы мыйзам чыгаруу боюнча элдик демилге жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору элдик демилгеге тиешелүү айрым ченемдерди тактоо, кемчиликтерди жана карама-каршылыктарды жоюу, ошондой эле демилгечи топту каттоо жөнүндө чечим кабыл алуунун мөөнөтүн кыскартуу максатында иштелип чыккан.
Конституциянын 79-беренесинде мыйзам долбоорлору боюнча демилге көтөргөнгө элдин (10 000 жана андан ашык жаран) укугу бекемделген. Элдик демилгенин жол-жоболору "Кыргыз Республикасындагы мыйзам чыгаруу боюнча элдик демилге жөнүндө" мыйзамда бекемделгенине карабастан, андагы жол-жоболор так эмес, узак жана бюрократташкан. Демилгечи топту каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү мөөнөттөрүндө карама-каршылыктар бар.
Мындан тышкары мыйзамда мыйзам долбоорун жана маалым кат-негиздемесин жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө жарыялоо жөнүндө талап камтылган. Мында мыйзам долбоору кайсы ММКларда жарыяланууга тийиш экендиги такталган эмес. Мыйзам долбоору кайсы жалпыга маалымдоо каражатында жарыялана турганын дагы тактоо зарыл.
Ушундан улам элдик демилге менен иштелип чыккан мыйзам долбоорун каттоо мөөнөтүн 30 күндөн 10 күнгө чейин кыскартуу сунушталууда. Мыйзам долбоору катталгандан тартып 10 күн аралыгында республикалык гезиттердин биринде жарыяланса болот. Ал эми кол топтоо жол-жоболору мыйзам долбоору Юстиция министрлигинин веб-сайтында жарыялангандан кийинки 1 ай ичинде башталып, 3 ай ичинде аяктоого тийиш.