Орусия менен Казакстан Евразиялык экономикалык биримдикке кыргыз өлкөсүнүн кирүүсү боюнча келишимди карап жатат. Бул тууралуу премьер-министр
Темир Сариев 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Сариев аталган эл аралык келишимди Жогорку Кеңеш колдоп, президент кол койгондон кийин биримдикке мүчө мамлекеттерге Кыргыз Республикасы аталган келишимди колдогону боюнча нота жиберилет.
"Беларусь мамлекети кароо алдында турат. Ал эми Армения карап жатканын такташ керек",- деди Сариев.
Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш келишимди ратификациялоону карап, добуш берүүгө жиберди.