Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, добуш берүүгө жиберилди.
Мыйзам долбоору административдик укук бузуунун жаңы курамын тастыктоого багытталган. Ал донордук канды жана анын компоненттерин жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзамдарды сактабаган кызмат адамдарына карата административдик жоопкерчилик чараларын карайт.
КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин колдонуудагы 86-беренесинде донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын сактоонун жана сарамжалдуу пайдалануунун эрежелерин бузган кызмат адамдарына эки эсептик көрсөткүчтөн беш эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул салуу белгиленген. Мында укук бузуунун аталган курамында канды даярдоонун, кайра иштетүүнүн, ташуунун, ошондой эле донордук канды жана анын компоненттерин кайра куюуда (трансфизия жасоодо) колдонулуучу техникалык каражаттардын коопсуздук талаптарын бузуу сыяктуу стадиялар камтылбай калган. Долбоор аркылуу мындай укук бузууларга да административдик жоопкерчилик киргизилүүдө. Тагыраак айтканда, кодекстин 86-беренесин жаңы редакцияда берүү сунуш кылынат. Түзөтүү менен донордук канды жана анын компоненттерин жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзамдар сакталбаган бардык учурларда кызмат адамдарын административдик жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк жаралат.
Мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.