Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында алкоголдук ичимдиктерди сатууну чектөөгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Мыйзам долбооруна депутаттар "макул" деп добуштарын беришти.
Документке ылайык, түнкү саат 22:00дөн таңкы саат 08:00гө чейин алкоголдук продукцияларды сатууну чектөө киргизилмекчи. Мындан тышкары долбоордо сыра ичимдигин 2 жана андан жогору литрдеги желим бөтөлкөдө өндүрүүгө жана жүгүртүүгө тыюу салынат.