Жалал-Абад облусунда жолдо жүрүү эрежелерин бузган айдоочуларды аныктоого багытталган рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 7 саатка созулган иш-чара Жалал-Абад ОИИБи, облустук прокуратура жана шаардык "Жаштар" коомунун катышуусу менен жүргүзүлдү. Рейддин жыйынтыгында жол кыймылынын эрежелерин бузган 208 айдоочу аныкталып, аларга жалпысынан 42 миң сом айып салынды. Алардын ичинен: 5 айдоочу мас абалда, 5 айдоочунун транспорттук каражаттарынын мамлекеттик белгиси жок болуп чыккан. Ошондой эле 14 унаанын айнектери караңгылатылган, 2 автоунаада атайын үн жана жарык чыгаруучу жабдуулар орнотулган жана башка жол эрежелерин бузгандардын саны 182 түздү.