20-майда вице-премьер-министр Валерий Диль Бишкекте өткөн Германиянын экономика күнүнө арналган бизнес-форумга катышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Анда вице-премьер кыргыз мамлекети менен Германиянын кызматташуусу зарыл экенин айтты.
“Бүгүн эки мамлекеттин кызматташуусу боюнча жаңы барактар ачылып жатат. Бул биздин ишкерлердин ой бөлүшүүсүнө жана жакындашуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Кыргыз өкөмөтү Германия мамлекети менен терең кызматташууга кызыкдар, анткени Германия - дүйнөдөгү техникалык жактан өнүгө турган мамлекеттердин бири. Бизге кызматташууну кеңейтүү керек. Немис ишкерлери биринчи кезекте инвестицияны коргоо маселесине кызыкдар. Соңку 2,5 жылда кыргыз мамлекети инвестициялык климатты реализациялоо боюнча чоң жумуш жасады. Кыргыз мамлекетинде салык системи Советтер Союзунун курманына кирген мурдагы мамлекеттердин ичинен эң либералдык”,- деди Диль.