20-майда өкмөт башчы Темир Сариев экономика министри Олег Панкратов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Алмаз Кадыркулов жана башка ведомство жетекчилери менен мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик органды реформалоо маселесин талкуулады. Бул тууруалуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Реформалоо боюнча долбоордун бет ачарында белгиленгендей, фонддун иштөөсүндө ички жана тышкы көйгөйлөр орун алууда. Тактап айтканда, жетишсиз каржылоо, ишмердүүлүктүн бардык тармактарынын саясатташуусу, тармактык саясатты жүргүзүүдөгү макулдашуунун жоктугу. Ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкарууга карата стратегиялык мамиленин орун албагандыгы, мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо процессинин көп жылдарга создуктурулушу жана активдерди башкарууда заманбап ыкмаларды пайдалана албастык байкалууда.
Аталган фондду реформалоо мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкара ала турган түзүмдү түзүү, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча процесстердин айкындыгын камсыздоо максатында сунушталууда.
Талкуу жыйынтыгы боюнча премьер-министр Экономика министрлигине тамактык министрлик жана ведомстволор үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик органды реформалоонун долбоорунун бет ачарын өткөрүүнү тапшырды.