Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүнүн II фазасы" долбоорун каржылоо жөнүндө" ратификациялык мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алган.
Ага ылайык, КРнын Каржы министрлигине Азия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.