Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңеште депутат Ташполот Балтабаев өкмөткө кайрылып, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке киришинен пайда көрүүнү баштоо керектигин айтты.
"Бүгүнкү күндөн баштап президент, өкмөт чараларды көрүп, жемишин көрө башташ керек. Ишкерлер товарларды сатып алып, даяр болуп турушат. Эгер ишкерлерге жардам көрсөтүлбөсө, алар банкрот болушат. Аларды колдоо максатында Кыргыз-Орус фонду түзүлгөн. Анын капиталы 500 миллион долларга барабар. Учурда жарандар долбоорлоруна каржы издеп, өкмөткө кайрылышса, өкмөт жооп бербей жатыптыр",- деди Балтабаев.
Айта кетсек, кечээ, 20-майда Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу жөнүндөгү эл аралык келишимди ратификациялады. Бул келишим ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин (Орусия, Беларусь, Казакстан, Армения, Кыргыз Республикасы) баарынын парламенттери тарабынан ратификациялангандан кийин толук күчүнө кирет.