Быйылкы жайкы курорттук сезондо жарандардын жана туристтердин коопсуздугун 2 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда маалымат жыйынында КРнын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Эркин Баев билдирди. Анын айтымында, 500 милиция кызматкери Ысык-Көл облусу боюнча кызмат өтөйт.
“Чок-Тал, Чырпыкты, Боз-Тери, Жаркынбай айылдарында милициянын таяныч пункттары ачылат. Ошондой эле Бишкек- Балыкчы – Чолпон-Ата - Каракол жолдорунда "Тез жардам" пункттары жана жол-кайгуул кызматкерлери ыкчам режимде иш алып барышат”,- деди Баев.