Кыргыз мамлекетинин Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Бишкекте 20-майда Азербайжандын кыргыз жериндеги элчиси Гидаят Худуш оглу Оруджев менен жолугушту. Министрликтин билдиришинче, тараптар аскердик-техникалык кызматташтык, кыргыз жериндеги аскер кызматкерлерин Азербайжандын жогорку аскердик окуу жайларынан окутуу, Азербайжандын коргоо министри Закир Аскер оглу Гасанов баштаган аскердик делегациянын кыргыз мамлекетине болчу иш сапары тууралуу пикир алышты.
"Кудайбердиев эки тараптуу негизде, ЖККУ жана КМШнын алкагында да аскердик кызматташууну тереңдетүүгө кыргыз тарап даяр экенин билдирди. Быйыл июнь айынын башында КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин кезектеги жыйыны Бишкекте өтөт",- деп билдирет министрлик.