Ош. Чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары өз өнөрлөрүн көрсөтүп беришти

20-май күнү Ош шаарындагы балдардын “Келечек” чыгармачылык борборунда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу “Мээрим” балдарга билим берүү борбору өзүнүн жылдык жыйынтыгын чыгарып, концерттик программа тартуулады.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда аталган борбордогу түрдүү ийримдерге катышып жаткан окуучулар үйрөнгөн өнөрлөрүн эл алдында тартуулап, окуу менен биргеликте чыгармачылыкты да мыкты өздөштүрүп жаткандыктарын көрсөтүп беришти. Учурда “Мээрим” билим борборунда фольклор, кол өнөрчүлүк, куурчак театры, бий, сүрөт жана жаш калемгер сыяктуу 23 ийримде 900 окуучу өнөр үйрөнүп, тарбияланууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан