Депутаттар бала бакча жаатындагы көйгөйлөр чечилбей жатканын айтышты

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында депутат Таалайбек Ибраев бала бакча жаатындагы көйгөйлөрдү көтөрдү. Анын айтымында, бала бакчалардын кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү маселеси чечилчүдөй эмес. "Мисалы, Кочкор районунда май айынын ичинде эле 2 бала бакча жабылды. Бала бакча жаатында көйгөйлөр көп, бул маселе жеке бир райондун көйгөйү эмес, жалпы өлкөгө тиешелүү нерсе. Жогорку Кеңеште бул маселе көптөн бери көтөрүлүп келет, мыйзамдар да кабыл алынып жатат. Өкмөткө канча жолу тапшырма берилди, бирок эмдигиче жарытылуу жыйынтык чыга элек",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан